Жаңылыктар
Өзүн милиционермин деп тааныштырып элден акча алып жүргөн шектүү кармалды
Кылмыш
Өзүн милиционермин деп тааныштырып элден акча алып жүргөн шектүү кармалды

Криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери өзүн милиционермин деп тааныштырып, элден алдамчылык жол менен акча алып жүргөн шектүүнү колго түшүрдү. Билдирүүгө караганда, буга чейин милицияга 20 жаштагы жаран кайрылган. 

Ал өз арызында ушул жылдын май айында белгисиз киши өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, анын ишенимине кирүү менен 1000 долларын алып кеткенин билдирген. Жалган милиционер анын маселесин оң жакка чечип берүүнү убадалаган. 

Окуяга карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык, ири көлөмдө бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек шаары менен Чүй облусунун ыкчам издөө бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, 29 жаштагы Бишкектин тургунун колго түшүргөн. Кармалган адам укук коргоо органына эч кандай тиешеси жок экени аныкталды. Ал Бишкек ШИИБинин тергөөчүсүнө өткөрүлдү. Азыр анын мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.