Жаңылыктар
Бүгүн Индонезияда жайкы Азия оюндарынын ачылышы болот
Спорт
Бүгүн Индонезияда жайкы Азия оюндарынын ачылышы болот

Бүгүн, 18-августта Индонезиянын борбору Жакарта шаарында жайкы Азия оюндарынын ачылышы болот. Ачылыш аземи "Гелора Бунг Карно" стадионунда саат кечки алтыда башталат. Мелдешке Кыргызстандын атынан жүздөн ашык спортчулар барып, оюндун 26 түрү боюнча күч сынашат. 

Кыргыз курамасын волейболчу Оңол Каныбек уулу баштап барат. Ири спорттук мелдеште жалпысынан 481 топтом медаль ойнотулат. Анда Азиядагы 40 мамлекеттен барган спортчулар спорттун 40 түрүнөн ат салышат.