Жаңылыктар
“Арзан турак жай” программасынын алкагында 3-жаран үйлүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
“Арзан турак жай” программасынын алкагында 3-жаран үйлүү болду

“Арзан турак жай” программасынын алкагында 3-жаран үйлүү болду. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү Токмок шаарынын тургуну Мирлан Бакеевге, ипотекага алынган үйдүн сертификатын тапшырды.

3 жылдан бери саламаттык сактоо тармагында иштеген, Мирлан Бакеев буга чейин батирди ижарага алып жашап келгенин айтат. Эки эгиз балдарды өстүрүп жаткан үй бүлө турак жайлуу болгонуна кубанып, өкмөттүн жеңилдетилген ипотекалык программасына терең ыраазычылык билдиришти. Буга чейин мамлекеттик ипотекалык компания Ош жана Жала-Абад шаарларында эки жаранга ипотекалык негизде үйлөрдү алып берген. 

Эске салсак, “Арзан турак жай 2015-2020” программасы ушул жылдын башында башталган. Анын негизинде алгач саламаттык сактоо, агартуу жана социалдык тармактарда иштеген кызматкерлерге үйлөр насыяга берилет.