Жаңылыктар
Россияда өтө турган "Киношок" кинофестивалына Кыргызстандан беш тасма катышат
Маданият
Россияда өтө турган "Киношок" кинофестивалына Кыргызстандан беш тасма катышат

Россиянын Анапа шаарында өтчү "Киношок" кинофестивалына Кыргызстандан беш тасма катышат. Кинематографияны колдоо департаментинин маалыматына ылайык, иш-чара 2-9-сентябрь күндөрү өтөт. 

"Киношок" — постсоветтик өлкөлөрдүн кинематографтарынын башын бириктирген жалгыз фестиваль. Сынактын толук метраждуу тасмалар бөлүмүндө режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" жана Таалай Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары ат салышат. 

Ал эми кыска метраждуу тасмалар сынагына Аскар Нуракун уулунун "Киноман" жана Чолпонай Бөрүбаеванын "Өмүр" тасмалары катышмакчы. Даректүү фильмдер боюнча конкурста Токтобек Үсөновдун "Аялдардын түйшүгү эмес" тасмасы тартууланары айтылды.