Жаңылыктар
Таластык дыйкандар төө буурчактын эрте бышкан түрүн чогултууда
Экономика
Таластык дыйкандар төө буурчактын эрте бышкан түрүн чогултууда

Өлкөнүн айыл чарба тармагы зор мүмкүнчүлүктөргө ээ, анткени дүйнөлүк рынокто көп суроо-талап кылынган экологиялык таза азык-түлүк менен Кыргызстан Евразия экономикалык Биримдигинин, Кытайдын жана Евро биримдиктин базарларын алкагында камсыз кыла алат.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош, Жалал-Абад облустарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда билдирип, Ички бардык финансылык институттар- Кепилдик фонду, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, мамлекеттик банктар аймактарга өзгөчө басым жасоо менен иштеп жатышат деди.


Маселен Кыргыздын экологиялык жактан таза азыктарынын бири бул Таластын төө буурчагы. Продукция азыркы учурга чейин дүйнөнүн туш тарабына экспорттолуп, сапаты жагынан да атагы алыска кеткен десек жаңылбайбыз.


Төө буурчак тамактын бир нече түрлөрүнө колдонулуп, ал пайдалуулугу жагынан этке тете деп айтылат. Дүйнө жүзү боюнча анын 250дөн ашык түрү бар. Алардын ичинен ашканада кызыл, ак түстөгүлөрү жана лоя сорту кеӊири пайдаланылат. 


Азыр Кыргызстанда пайда алып келүүчү айыл чарба азыктарынын бири төө буурчак. Кыргызстандык дыйкандар колго алган бул өсүмдүктүн түпкү мекени Индия, Борбордук жана түштүк Америка деп эсептелет. Жалпысынан төө буурчактын 250дөн ашык түрү бар. Бул азык пайдалуулугу жагынан этке тете катары колдонулуп, кызыл, ак түстөгүлөрү жана лоя сорту ашканада кеӊири пайдаланылат. Аны даярдоо алдында сөзсүз түрдө сууга чылап коюу зарыл. Бул андагы тамак сиңирүү көйгөйлөрүн жаратуучу заттарды кетирет.