Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Магомед Мусаев күмүш медаль тагынды. 19-августта 97 килограммга чейинки салмактагы категорияда күч сынашкан.
Чейрек финалда ооганстандык Ахмади Нурахмадды 6:3, жарым финалда кореялык Ким Жигангды 1:1 эсебинде жеңген.
Ал эми финалда иран балбаны Алиреза Карими-мачианиге 0:6 эсебинде утулуп, экинчи орунга татыктуу болду.
Белгилей кетсек, Магомед Мусаев Азия оюндарынын алкагында улуттук курама командага алгачкы медалды алып келди. Эске салсак, 2014-жылы Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында дагы күмүш медаль тагынган.