Жаңылыктар
Мезгилге багынбаган чыгарма
Маданият
Мезгилге багынбаган чыгарма

Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жер-жерлерде ар түрдүү иш-чаралар уюштурулууда. Улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде 30га жакын тасма жарык көрүп, спектаклдер коюлуп келет. 

Ага катар Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында "Биринчи мугалим" чыгармасы даярдалып, элдин назарына жаңы эмгек тартууланды. 


Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын залы көрөрмандарга толгон. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасы жаңы өңүттө, казак режиссеру Камат Касеновдун коюусунда аткарылды.

Камат Касенов театралдаштырган спектаклде 6 гана каарман катышат. Жаратуучулардын айтымында, бул жерде башкы роль жок, ар бир актердун сахнада өз орду жана мааниси бар.

Жаш көрүүчүлөр театрынын жаңы сезону Айтматовдун чыгармасы менен башталуусу бекеринен эмес. Жазуучунун 90 жылдыгына карата элдин назарына жаңы эмгектин тартууланышы жакшы жышаан.