Жаңылыктар
Өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө
Дин
Өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө

Бүгүн өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө. Буга байланыштуу эртең менен Кыргызстандын бардык аймактарында айт намазы окулду. Ал эми Бишкек шаарында болсо, эски аянтта окулду. Аянтка эл эртең мененки саат 6 жарымдан баштап чогулуп, анда аалымдардын баяны айтылды. 

Муну менен катар Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун Президенттик Аппараттын жетекчиси Досаалы Эсеналиев окуп берди, мындан тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдор куттуктады. Айт намазга миңдеген адам катышты.