Жаңылыктар
Катуу шамал Сүлүктү шаарындагы имараттарды жабыркатты
Кырсык
Катуу шамал Сүлүктү шаарындагы имараттарды жабыркатты

Баткен  облусунун аймагында катталган катуу шамал Лейлек  районундагы бир катар айыл аймактары  жана Сүлүктү   шаарындагы  турак  үйлөр менен социалдык обьектилерди  жабыркатты.  Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинин  Баткен облустук  башкармалыгынын  башчысы Альберт Тагаев билдиргендей,  30-мартта  аталган  аймактарда  ылдамдыгы 25 - 28 метр секундага жеткен катуу шамал катталып,  анын кесепетинен бак-дарактар кулап, электр чубалгылары үзүлгөн, турак-үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырларын учуруп кеткен.  

Катуу шамал  билим берүү  мекемелеринин   имаратынан  жалпы 740  даана  шиферин  учурду.  Алынган маалыматтар Лейлек  району  менен Сүлүктү  шаары боюнча келтирилген  материалдык   чыгымдардын   саны, ал эми Исфана  шаары менен Тогуз-Булак  айыл  аймагында учурда  иликтөө-тактоо иштери  жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинин  Баткен облустук  башкармалыгынын  башчысы  Альберт  Тагаев   кошумчалагандай, зыянга учураган  турак үйлөр курулуш эрежелерине жооп бербейт, учурда   бул тууралуу жабырлануучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Г. Каражанова, Биринчи радио