Жаңылыктар
Таш-Көмүрдө жоокер сууга чөгүп каза болду
Кырсык
Таш-Көмүрдө жоокер сууга чөгүп каза болду

Таш-Көмүр шаарында 21 жаштагы жоокер сууга чөгүп каза болду.

Маалым болгондой, окуя 13-август күнү болгон. Анда Таш-Көмүрдө жайгашкан №2 издөө-куткаруу отрядында 2017-жылдын ноябрь айынан бери аскердик милдетин аткарып келе жаткан Доолбек уулу Мирлан сууга чөгүп кеткен.

Маркумдун жакындары бул абалдын орун алуусуна отряд жетекчилигин жана аны менен бирге сууга түшкөн жоокерлерди айыптап жатышат. Алар белгилегендей, Мирлан жаш кезинен эле сууда жакшы сүзчү.

Ал эми аталган отряддын жетекчилиги кокустук орун алгандыгын, жоокер спорттук иш-чараларга катышкан активдүү жоокерлердин катарын толуктап келгендигин билдиришүүдө.