Жаңылыктар
Курман айттын дагы бир жөрөлгөсү - курмандык чалуу
Дин
Курман айттын дагы бир жөрөлгөсү - курмандык чалуу

Бүгүн таң эрте мечиттер элге толду. Алгач имамдар курмандык чалуунун келип чыгышы боюнча баян куруп, намаздын окулушу тууралуу айтып берди. Андан соң, куран окулуп бата менен коштолду. Шариат боюнча курмандык чалуу айт намаздан кийин башталат.

Бул сапар Көк-Жар айылында союлган малдын эти муктаждыкка жараша 3-5-8 килограммдан бөлүнүп, таратылды. Иш-чара дин аалымдарынын баяны менен уланып, келген конокторго сый көрсөтүлдү.

Курмандык деп кой, эчки, ача туяк бодо мал же төөнү Курман айттын алгачкы үч күнүндө курмандык ниети менен союуну айтышат. Ал сооп табуу үчүн жасалат. Акыл эстүү, балакат жашына келген эркин жана мусулман эркек менен аялдын өз зарылчылыгынан ашык болгон мал-оокаты же акчасы бар болсо Курман айт үчүн ниет кылып, курмандык чалуусу болот.

Союула турган жандыктар: кочкор 8 айлык, эчки 1 жашар, уй 2 жаш, төө 5 жаштан өйдө болушу керек. 1 киши 1 кой же эчки, 7 киши биригип 1 уй сойсо болот. Курмандыкты бүгүн тараткан жакшыраак.