Жаңылыктар
Азия оюндары: Спортчулардын ийгилиги
Спорт
Азия оюндары: Спортчулардын ийгилиги

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын үчүнчү күнү кыргызстандык спортчулар үчүн байгелүү болду. Бүгүн Кыргызстандын куржунуна 1 күмүш жана 3 коло медаль салынды.  

Күмүш медалды грек-рим күрөшү боюнча Каныбек Жолчубеков камсыздаса, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө эки коло медалды Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алып келди. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча мырзалар арасындагы беттеште Амантур Исмаилов үчүнчү орунга илинди. 

Бүгүнкү таймаштын алкагында суучул Денис Петрашовду да айтпай койсок жарабас. Ал 200 метрге чейинки аралыкта сууга сүзүүдө 21 спортчунун ичинен финалга чыгып, 5-орунга илинди. Петрашов жеңүүчүдөн болгону 4 секунд гана артта калды.

Ал эми, оюндун алгачкы күнүндө Магомед Мусаев эркин күрөш боюнча күмүш тагынып, Кыргызстандын байге куржунуна алгачкы медаль алып келген. Чечүүчү беттеште кыргыз балбанына ирандык Алириз Каримимачиани каршы келген.

Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова да бул сапар өлкөгө күмүш медаль алып келди. Ал финалдык беттеште Орхон Пуревдорж менен чыккан. Ал 62 килограмм салмак категориясында күрөшүп, буга чейин түндүк кореялык жана кытайлык атаандаштарын ири эсеп менен жеңип алган. Ошентип, учурда Кыргызстандын куржунунда 5 медаль бар.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32 олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнөн. Жалпысынан 481 медаль тобу ойнотулат.