Жаңылыктар
Токмокто өрт кырсыгынан эки кичинекей бала каза болду
Кырсык
Токмокто өрт кырсыгынан эки кичинекей бала каза болду

Токмок шаарында өрт кырсыгынан эки кичинекей бала каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, өрт кырсыгы Ибраимов көчөсүндөгү турак жайда катталып, натыйжада 95 чарчы метр аянтты ээлеген эки бөлмөлүү үй күйүп кетти. 

Тилсиз жоонун кесепетинен 5 жана 3 жаштагы эки бала каза болду. Өрт кырсыгы балдардын тентектигинен келип чыккан.