Жаңылыктар
Кайрак талааны бакка айландырган багбан
Айыл чарба
Кайрак талааны бакка айландырган багбан

Элет жеринде бак тигип, көп жылдап тынымсыз жасаган эмгегинин үзүрүн көргөн багбандар аз эмес. Алардын бири Ала-Бука районунун тургуну Алимкан Мамбеталиев. Багбан 20 гектар кайрак талааны шабдалы бакка айлантып, быйыл экинчи ирет түшүмүн жыйноодо.


5 жыл мурун эле какырап жаткан кайрак жер азыр таанылгыс болуп өзгөргөн. Таш баскан бопбоз талааны Алимкан Мамбеталиев бак-шактуу жашыл өрөөнгө айландырган. 20 гектар аянтка шабдалынын үч сортун отургузуп, быйыл экинчи жолу түшүмүн жыйнап жатат.

Багбандын айтымында башында кыйынчык көп болгон. Жаш көчөттөргө сууну чакалап ташып куйган. Кийинчерээк анча алыс эмес сайдан суу чыгарып, бакты сугаруу жагы жакшылап колго алынгандан кийин гана жаш көчөттөр жакшы көктөдү дейт Алимкан Мамбеталиев.

Кыйынчылыктын баарына чыдаган багабан азыр эми эмгектин үзүрүн көрүп жатат. Шабдалы терими ортолоп калды. Азырынча ички базарда гана сатылууда.

Терим кызыган учурда кошумча күч керек болот. Ага жергиликтүү айыл тургундары келип иштеп кетет. Эмгегине жараша акы төлөнөт. Ал эми Бахырам Курбанов башынан бери эле бул жерде. Анын кызматы убагында бакты сугарып, бутап, чөбүн оруп турат.