Жаңылыктар
АКШ Россияга кайрадан санкцияларын күчөттү
Дүйнө
АКШ Россияга кайрадан санкцияларын күчөттү

АКШ Россияга кайрадан санкцияларын күчөттү. РИА Новости билдиргендей, санкцияга  бул жолу россиялык бир катар компаниялар менен кемелер кабылган. 

Киберсанкциянын  тизмесинде жаңы ысымдар пайда болуп, Антон Нагибин жана  Марина Царевага киберчабуул  жасаган деген айыпталган “Дайвтехносервис” компаниясы менен байланышы бар деген жүйөө келтирилүүдө. Ушундай эле чара петербургдук “Вела-Марин” жана Словакияда каттоодо турган  “Lacno” компаниясына көрүлдү.  

Алардын катарында “Гудзон Шиппинг”  жана “Примор кеме логистикалык компания”, мындан сырткары, Россиянын желеги менен жүргөн  дагы “Бэлла”, "Партизан", “Нептун”, “Патриот”,”Севастополь” өңдүү  5 кеме жүргүзүү ишканасы киргизилди. Вашингтон бул жолку кадамын Британиянын Солсбери окуясына байланыштырды. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"