Жаңылыктар
Баткенде катуу шамал болду
Өзгөчө кырдаал
Баткенде катуу шамал болду

Баткендин Лейлек районунда болгон катуу шамал үйлөрдүн чатырларын алып, электр чубалгыларын үзүп кетти. Тогуз-Булак, Сумбула жана Ак-Суу айылдарында ошондой эле Исфана менен Сүлүктү шаарларында бактар кулап, социалдык объектилер менен үйлөрдүн чатырлары шамалдан катуу жабыркаган.

Жергиликтүү комиссияныны иликтөөсүнө ылайык, Ак-Суу айылында 41 үйдүн жана 26 сарайдын чатыры зыянга учураган. Ал эми Лейлек районунда билим берүү мекемелеринин 200дөн ашык шиферин шамал талкалап, учуруп кеткен. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей бир катар турак үйлөр курулушка талап кылынган тартип менен салынбагандыгы үй ээлерине эскертилилди. Учурда үзүлгөн электр чубалгылары оңдолуп, жарык берилди.