Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндары маалында унаа кыймылына чектөө киргизилет
Маданият
Көчмөндөр оюндары маалында унаа кыймылына чектөө киргизилет

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына меймандардын көп санда келери күтүлүүдө. Буга байланыштуу логистика маселеси жөнгө салынышы зарыл. Оюндардын ачылышы менен жабылышында тыгындарын болтурбоо жана жол коопсуздугун жөнгө салуу үчүн унаа кыймылына чектөө киргизилет. Ошондой эле атайын унаа токтотуучу жайлар ачылып, акысыз коомдук транспорт уюштурулат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаты өтө турган күндөрү Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы негизги жол эки жерден жабылат. Ал “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин бурулушунан тарта Бактуу-Долоноту айылынын башына чейин созулат. Мындан сырткары, оюндар өтүп жаткан убакытта Балыкчы - Корумду унаа жолу жүк ташыган унаалар үчүн жабык болот. Караколго багыт алгандар Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу каттайт. Ал эми Чолпон-Ата шаарынын айланасында жүргөн жеңил унаалар шаардын үстүнөн айланып өтүүчү альтернативдүү жолду колдонушат.