Жаңылыктар
Жайкы Азия оюндарынын күндөлүгү (4-күн)
Спорт
Жайкы Азия оюндарынын күндөлүгү (4-күн)

Азия оюндарынын төртүнчү күнүндө кыргыз балбандары эсепке дагы үч медаль кошту. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов биринчи айлампада бет келген атаандашы, олимпиадалык чемпион, кореялык Ким Хон Вуну 7:3 эсебинде утту. Акжол биринчи бөлүктөн тарта эле атаандашынан үстөмдүк кылып турду.

Чейрек финалда Махмудовго каршы Өзбекстандык балбан Билан Нальгиев чыкты. Акжол биринчи бөлүктө алдыга чыгып, экинчиде болсо эсептеги айырмачылыкты дагы да чоңойткон. Бирок Өзбекстандык машыктыруучулар эреже буузуу тууралуу айтып, калыстар биздин балбандан эки упайын алып коюшту. Бирок жыйынтыктоочу эсеп 6:4, Акжол Махмудов жарым финалда.Жарым финалда биздин балбан Түркмөнстандык спортчу Шермет Перманов менен беттешти. Күрөш өтө деле чоң күчтү талап кылган жок. Мелдештин экинчи мүнөтүндө Акжол Махмудов атаандашын эки жолу так көтөрүп чаап, 8:0 эсеби менен таймаш жыйынтыкталды. Үчүнчү атаандашын жеңип Акжол финалга чыкты.

Бирок финалда Акжолго ийгилик жылмайган жок. Ирандык спортчу күчтүү болуп чыкты, Акжолго караганда олбурлуу дагы экен. Оюн 7:3 эсеби менен аяктап, Махмудов күмүш медалдын ээси болду.

Ошондой эле грек-рим күрөшүнөн 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков күч сынашып, коло медал тагынды. Ал биринчи айламда жапониялык Нара Ютаны 7:1 эсебинде ишенимдүү утуп, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалда кытайлык спортчуга утулуп, ал эми коло үчүн болгон кармашта өзбекстандык балбанды 2:0 эсебинде жеңди. Кыргызстандык эки балбан Самат Шырдаков 87, Мурат Рамонов 130 кг салмакта тилекке каршы байгелүү орундарга илине алышкан жок.


Азия оюндарынын алкагында 22-августта ошондой эле оор атлетчилер күч сынашты. Кыргызстандык балбан Иззат Артыков биринчи жана экинчи чыгууда штанганы ийгиликтүү көтөрүп, жалпы 330 упай топтой алды. Үчүнчү жолкуда 190 киллограмды көтөрүүгө арыз берген, бирок бул чыгуу ийгиликсиз аяктап, жалпы эсепте Түндүк Корея жана Өзбекстандан кийин 3-орунду ээледи. Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.


Оюндардын 4-күнүндө баскетбол боюнча эркектер арасындагы мелдеш өттү. Кыргызстан анда Бангладеш курамасын утуп, ал эми Түштүк Корея менен болгон оюнда жеңилүү ызасын тартты. Бирок биздин курама командада дагы да мүмкүнчүлүк бар, 25-августта кезектеги айлампа орун алып, жеңүүчүлөр финалдык оюндарга жолдомо алышат.