Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунда 12 адамга “Сибирь жарасы” дарты коюлду
Ден соолук
Кара-Кулжа районунда 12 адамга “Сибирь жарасы” дарты коюлду

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйдүргүнүн белгилери менен ооруканага жаткырылган 12 адамга “Сибирь жарасы” дарты коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова билдирди. Ал Республикалык карантиндик өзгөчө коркунучтуу оорулар борборунун директору Сабыржан Абдикаримовдун сөзүнө таянып билдиргендей, беш оорулуунун териси күйдүргү экени лабораториялык жол менен тастыкталды. 

Ал эми калгандарыныкы клиникалык-эпидемиологиялык анализдин жыйынтыгы менен такталды. Мындан сырткары, мал сойгон жайга жасалган анализ оору жукканы тууралуу жыйынтык берди. Учурда 12 адамдын үчөө ооруканадан чыгарылды, калгандары Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланууда. Сөз болуп жаткан кишилер уйдун этин жегени айтылган.