Жаңылыктар
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш сотко өттү
Кылмыш
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш сотко өттү

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш сотко өтүп, отурум өтө турган күн белгиленди. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Есения Рамазанова маалымат сайттарга билдиргендей, Бурулайды өлтүрүүгө байланыштуу шек саналган Марс Бөдөшевдин ишин кароо 5-сентябрга, ал эми милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти кароо 10-сентябрга коюлду. 

Эки иш тең саат 10:00до Жайыл райондук сотунда өтөт. Адвокат Рамазанова биринчи эле соттук отурумда Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, ишти Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирээрин кошумчалады.