Жаңылыктар
Атайын эсепке жемкорлордон 7 миллион сом чогулду
Коррупция
Атайын эсепке жемкорлордон 7 миллион сом чогулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 7 миллион 410 миң 504 сом акча которду. Бул туурасында мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 143 миллиондон ашык акча которгон. 

Бирдиктүү депозиттик эсепке мамлекеттик кызмат которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 150 миллион 787 миң 732 сомду түздү.