Жаңылыктар
"Мен Тянь-Шань" - кайрадан көркөм тасмада
Маданият
"Мен Тянь-Шань" - кайрадан көркөм тасмада

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип тартып жаткан тасманын бет ачаары 12-декабрда жазуучунун туулган күнүндө Кыргызстанда көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган тасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова Кыргыз радиосуна билдирди.


Тасманын сценарийин жазган – Драматург Керез Зарлыкова

Режиссеру – Өзбекстандык Сарвар Каримов

Ролдордо:

Ильяс – Азиз Ражапов (Өзбекстан)

Байтемир – Улугбек Кадыров (Өзбекстан)

Асел – Мадина Талипбек (Кыргызстан)

Кадича – Элина Абай кызы (Кыргызстан)

Белгилей кетсек, бул тасманы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө" жөнүндө чыгарган токтомуна киргизип, каражат бөлгөн. Маалыматка караганда тасманын өзөгү ошол бойдон калат, бирок заман талабына ылайыкталып жаңыланган вариантта чагылдырылат. Тартуу иштери 20-июнда башталган. 

Тасманы Өзбек кино улуттук агенттиги менен Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору биргелешип тартууда.

Төмөндө тасманы тартуу учурундагы көз ирмемдер: