Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанда
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанда

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барды. Мамлекет башчынын бул сапары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда.


Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар бир катар маанилүү документтерге кол коюуга жетишти. Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик сапарынын биринчи күнү расмий жолугушуулар менен коштолсо, экинчи күнү мамлекет башчы сыйлуу конок катары Аралды сактоо Эл аралык фондун негиздөөчү - Мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.


Салтанат менен коштолгон жолугушуудан соң, мамлекет башчылар Түркмөнстан президентинин “Өгүзхан” атындагы ак сарайына бет алышты. Кыргызстан президентине сый урмат көрсөтүлүп, ал түшкөн унааны ахалтекин аргымагын минген улуттук кийимчен жоокерлер коштоп барышты. Тарыхый учурду эстеликке калтыруу максатында “Өгүзхан” резиденциясында өлкө башчылар сүрөткө түштү.


Борбор Азиядагы эки өлкө: Кыргызстан менен Түркмөнстандын дипломатиялык алакасы 1992-жылдан башталат. Тамыры бир, динге болгон көз карашы окшош мамлекеттер чейрек кылымдан ашык убакыттан бери ич ара байланыштарды чыңдап, достук мамилени бекемдөөнүн үстүндө. Аны менен бирге акыркы жылдары соода-экономикалык кызматташтык өрүш алган. Өзгөчө товар жүгүртүү жаатында алкылыктуу иштер жасалган.

Саясий өңүттөгү жылыштар дагы жаман эмес. Мындан туура үч жыл мурун түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Кыргызстанга келип кеткен. Эми анын чакыруусу аркылуу Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапары менен Ашхабадка барып отурат.