Жаңылыктар
Мыкты туристтик ураан үчүн сынак жарыяланды
Туризм
Мыкты туристтик ураан үчүн сынак жарыяланды

Өлкөбүздүн атагын алыска чыгарган иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кезде Кыргызстандын туристтик ураанын тандоо үчүн сынак жарыяланды. Мындай демилгени өлкөнүн туризм департаменти менен “Леман Ниет-Аракет” инвестициялык компаниясы биргеликте ишке ашырууда. Ураан туристтик жарнактарда, бизнес долбоорлордо, башка түрдүү иш-чараларда колдонулат. Негизги байге фонду 5 миң доллар. 

Өлкөнүн өзүнүн туристтик ураанын иштеп чыгуу боюнча аракеттер буга чейин да болгон. Бир канча жыл мурун "Кыргызстан Санта клаустардын өлкөсү”, “Көчмөн эл, асман тиреген тоолуу мамлекет” деген бир нече ураандар колдонулган. Бирок алар расмий бекитилген эмес.

Туристтик ураан кыска, эсте калуучу, ошол өлкөнүн бардык жакшы жактарын өзүнө камтыган сөз болушу керек. Ураан туристтик жарнактарда, бизнес долбоорлордо, башка түрдүү иш-чараларда колдонулат. Сынакка Кыргызстандын ар бири жараны катыша алат жана бир адам бир нече ураан ойлоп тапса болот.

Ураан тандалып алынгандан кийин ал республиканын ар бир облусуна жазылып илинет. Чет мамлекеттерде Кыргызстандын атынан өткөрүлгөн ар бир иш-чарага колдонулуп, айрыкча туризмге басым жасалат.