Жаңылыктар
Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи президенти Ниязовдун күмбөзүнө барды
Саясат
Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи президенти Ниязовдун күмбөзүнө барды

Күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга болгон мамлекеттик визиттин алкагында Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле анын жанында жайгашкан мечитке кирип чыкты. Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик Монументине гүлчамбар коюп, сыйлуу коноктордун багында көчөт отургузду.

Сапардын программасына ылайык, мамлекет башчысы Ашхабадда 2017-жылы өткөн жабык имараттагы Азия оюндарына карата салынган Олипиадалык шаарчасын көрүп чыкты. Анын соңунда Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Ашхабад текстиль комплекси менен таанышты. Ал эми бүгүн Президент Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышат.