Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндарына карата даярдалган объектилер пайдаланууга берүүгө даяр
Маданият
Көчмөндөр оюндарына карата даярдалган объектилер пайдаланууга берүүгө даяр

III Дйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдалган объектилер жалпысынан пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Кырчын этно-шаарчасына "Хан-Ордо" сахнасы менен сыйлуу коноктор үчүн чатыр орнотуу иштери 95 пайызга аяктап калды. Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, Кырчындын аймагында биздин заманга чейинки V-VI кылымдарга таандык 200дөн ашык бейит бар. "Чатырды орнотуу үчүн жерди казууга туура келди. Күмбөздөрдүн биринен күмүштөн жасалган буюмдарды, жаанын башын, кур жана сөөктөрдү таптык. 

Анын баары музейге берилди", — деди Жаманкулов. Коноктордун ыңгайы үчүн Кырчын этно шаарчасына жол салынган. Ошондой эле сегиз ажаткана, мал союучу жай жана жыгачтан жасалган дарбаза орнотулган. Мындан сырткары, суу менен камсыз кылуу тутуму кошулган. ӨКМ этно шаарчанын аймагына жөө адамдар үчүн деп үч көпүрө курду. Электр жарыгы менен камсыздоо үчүн пландалган 100 түркүктүн 80ни орнотулду. Ошондой эле чубалгылар өткөрүлүп, трансформатор орнотулат.