Жаңылыктар
Эл аралык кинофестивалга "Свет и тень" кыска метраждуу даректүү тасма катышат
Маданият
Эл аралык кинофестивалга "Свет и тень" кыска метраждуу даректүү тасма катышат

Казань шаарында өтө турган XIV эл аралык кинофестивалга Кыргызстандан режиссер Тынай Ибрагимовдун "Свет и тень" кыска метраждуу даректүү тасмасы катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди. Анда айтылгандай, сынакка катыша турган тасмадан тышкары фестивалда көрүүчүлөргө Калвира Акчалованын "Жол", Чолпонай Бөрүбаеванын "Өмүр", Аскар Нуракун уулунун "Киноман" жана Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы тартууланат.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде башка мамлекеттер тарткан "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт", "Жамийла", "Маңкурт", "Гүлсарат", "Саманчынын жолу", "Ак кеме", "Кызыл жоолук жалжалым" тасмалары көрсөтүлөт. Ал эми Эрнест Абдыжапаров калыстар тобунун мүчөсү болуп кирди. Фестиваль Казань шаарында 4-10-сентябрь күндөрү өтөт.