Жаңылыктар
КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевди жубайы Айсалкын Кыйыкбаева эскерди
Маданият
КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевди жубайы Айсалкын Кыйыкбаева эскерди

"Өмүрлөш элек" аттуу уктуруубуздан КРнын эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевди 19 жыл бирге жашаган жубайы, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Айсалкын Кыйыкбаева эскерет. 

М. Козукеев соңку жылдары Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчи болуп эмгектенип, бир нече спектакилдерди ийгиликтүү сахналаштырган. Эске салсак, 2017-жылдын 8-декабрында М. Козукеев оорунун айынан бул жарык дүйнөдөн жалп деп өчкөн шамдай болуп келбес сапарга узаган.