Жаңылыктар
Аралды сактоо эл аралык фондунун кезектеги саммити Түркмөнбашы шаарында өттү
Саясат
Аралды сактоо эл аралык фондунун кезектеги саммити Түркмөнбашы шаарында өттү

Аралды сактоо эл аралык фондунун кезектеги саммити бүгүн Түркмөнбашы шаарында өтүп, анда Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү. Белгилей кетсек, өлкө башчысы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун чакыруусу менен барып, саммитке ардактуу мейман катары катышты.

Аралды сактоо эл аралык фондун мындан 25 жыл мурун Борбор Азия мамлекеттери биригип негиздеген. Арал деңизин сактоо боюнча акыркы жыйын мындан он жыл мурун өтүп, андан бери өлкө башчылары быйыл биринчи жолу саммитке чогулуп отурушат. Андыктан президенттер бул саммитти тарыхый окуя деп аташты. Жыйында деңизди сактоо, экологиялык көйгөйлөр жана аймактагы аба ырайынын өзгөрүп жатышы талкууланды.

Тарыхый жыйынга Президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Ал иш-чарага ардактуу мейман катары катышты, анткени Кыргызстан Аралды сактоо фондундагы ишмердигин бир канча жыл мурун токтотуп койгон. Өлкө башчысы аралды сактоо тууралуу Кыргызстандын турумун билдирип жана эл аралык фондду реформалоо боюнча сунушун айтты.

Мындай сунушка бардык мамлекет башчылары макулдугун билдирди. Арал деңизинин соолуп жатышы Борбор Азия чөлкөмүндөгү бир катар өлкөлөрдү түйшөлтүп келет. Союз жылдары Арал деңизин бөксөртпөй турган эң чоң дарыялар Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыя пахта талаарына бурула баштап, жыйынтыгында деңиз тартылып отуруп азыркы күндө эки туздуу көлгө бөлүнүп кеткен. Арал деңизи 40 жылдын ичинде соолуп, балыкчылардын кемелери, кайыктар кумга сайылып, чөлдүн ортосунда калды. Мындай кейиштүү көрүнүш экологияга, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.

1993-жылы Борбор Азиядагы беш өлкөнүн катышуусунда Аралды сактоо эл аралык фонду негизделген. Келишимдин негизги багыты - экологиялык кырдаалды алдын-алуу, аймактын административдик-экономикалык шартына, ден соолукту сактоого, турмуш-жагдайын оңдоого багытталган. Кыргызстан фонддогу ишмердигин мындан ары улантабы деген суроого тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мындайча жооп берди.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан фонддун ишмердигине катышпаса да, аймактагы суу ресурстарын пайдалануу боюнча бардык келишимдерди аткарууда. Саммиттин катышуучулары келечек муун үчүн экологияны жана жаратылыш байлыктарын сактоого бүгүн кам көрүлүшү керектигин белгилешип, ага бардык күч аракеттер жумшалышы керек деген пикирге келишти. Аралды сактоодо эл аралык уюмдардын да орду маанилүу экени белгиленди.