Жаңылыктар
«Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт»
Билим
«Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт»

Тарых жана маданият жылына карата 24-марттан бери Кыргызстандын бардык аймактарындагы жогоркуу окуу жайларында жана мектептерде «Бир оор жолдун үч ашуусу» аттуу илимий-практикалык конференциялар өтүп жатат. Ал эми агартуу иш-чарасы бүгүн Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде уланды. Анда өлкө эгемендик алгандан берки, Аксы жана элдик революциялар эскерилип, тарыхчылар жана окуянын күбөлөрү баяндама жасап, жаштардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

“Тарых жана маданият” жылынын алкагында республиканын бардык жогорку окуу жайларында өтүп жаткан агартуу иш-чаралары "Бир оор жолдун үч ашуусу" деп аталып, 2002-жылдагы Аксы окуясы,  2005-жылда элдик революция же “жоогазын” революциясы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги  элдик ыңкылап тууралуу жаштарга кеңири маалымат берүүгө багытталган. Уюштуруучулардын бири, Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин эгемен тарыхыбыздын бурулуш учурларын азыркы жаштар билүүсү керек деп эсептейт.

Илимий-практикалык конференциялар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын шаарларында жана райондорунда өттү. Аймак жаштарынан ар түрдүү суроолор болду. “Максаты жаштарга өлкөдө болуп өткөн тарыхый окуялар боюча туура маалымат берүү”- деп кошумчалады Тынчтыкбек Чоротегин.

Аталган үч окуя, бири-бири менен тыгыз байланышкан. Эл ошол мезгилдеги бийликтин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, Аксыда мөндүрдөй жааган октун алдында калгандан кийин, 2005 - жылы Акаевди бийликтен кетирди. Бирок, ал окуялардан сабак албаган Бакиев 2010-жылы кан төгүү менен өлкөдөн качты. Тарых илимдерин кандидаты Мурат Кожобеков аймактарды кыдырууда ар кандай пикирлерди уктук. “Болуп өткөн окуялар революция болгон эмес”- деген да көз караштар бар экен дейт.

“Эгемен тарыхыбыздын бурулуш учурларынын маанисине кызыкбай, кайдыгерлик мамиле кылган жаштар көп болууда”- дейт тарыхчылар. Бирок ар дайым талкууларды жүргүзүп, окуяларга өз баасын берген жаштар да жок эмес. Мындан тышкары, 24-марттан 7-апрелге чейин республиканын жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары үчүн аталган темада бирдиктүү класстык сааттар өткөрүлүп, гимназияларда агартуу иш-чаралары уюштурулуп жатат.

С. Идирисов, Биринчи радио