Жаңылыктар
Ысык-Көлдө тез жардам унаасы кырсыкка кабылып, 5 адам жаракат алды
Кырсык
Ысык-Көлдө тез жардам унаасы кырсыкка кабылып, 5 адам жаракат алды

Ысык-Көлдө тез жардам унаасы кырсыкка кабылып, 5 адам жаракат алды. Тез жардам алып бара жаткан адам да жабыркаган. Бостери айылында Тез жардам унаасын арттан келген "Минивэн" үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. 

Облустук милициясы маалымдагандай, жол кырсык 24-августта түштө, болжол менен 14:30да болуп, анын кесепетинен беш киши жаракат алган. Алардын бири Тез жардам алып бара жаткан боюнда бар аял, медициналык эки кызматкер жана айдоочу экендиги айтылды. 

Арттан келип сүзгөн минивэндин рулунда отурган кишинин өзү да жабыркаган. Беш киши тең Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилди. Чогултулган материалдар тергөө кызматына берилген.