Жаңылыктар
Азия оюндары: Маслова алтын медаль тагынды
Спорт
Азия оюндары: Маслова алтын медаль тагынды

XVIII жайкы Азия оюндарында кыргызстандык Дарья Маслова жеңил атлеткадан алтын медаль алды. Маслова 25-августта 10 миң метр аралыкка чуркап, марага 32 мүнөт 7 секунд убакытта келген. 

Бул жыйынтык менен жакынкы каршылашын 4 секундага артта калтырып, биринчи орунду камсыздады. Эске салсак, буга чейин Дарья бир жыл мурун Азия чемпионатында эки алтын жана Дүйнөлүк универсиаданын да алтын медалын тагынган. 

Мындан сырткары, бул турнирде спорттун жиу-житсу түрүнөн кыргызстандык Төрөкан Багынбай уулу 69 килограммга чейинки салмакта алтын медаль алган. Эми өлкө куржунунда 12 медаль: 2 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медаль бар.