Жаңылыктар
ЕАЭБ транспорттук саясатты ишке ашыруунун багыттарын кабыл алат
Экономика
ЕАЭБ транспорттук саясатты ишке ашыруунун багыттарын кабыл алат

Евразиялык жогорку экономикалык кеңеш ушул жылдын аягына чейин макулдашылган  транспорттук саясатты ишке ашыруунун негизги багыттары менен  этаптарын кабыл алат. Бул тууралуу ордо калаада Евразиялык экономикалык кеңештин транспорт органдарынын  өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйынында айтылды. Эске салсак, биримдиктеги өлкөлөр транспорттук кызматтардын жалпы рыногу менен  мейкиндигин түптөө аракетин көрүүдө.

Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн транспорттук органдарынын кезектеги жыйыны Кыргызстанда орун алып, анда биримдик алкагында транспорттук саясатты жана “Жибек Жолунунун” экономикалык алкакка айкалышуусу өңдүү маселелер талкууга алынды. Эң башкы максат биримдикке мүчө өлкөлөр арасында эркиндикке тоскоолдук жараткан ар кандай маселелерди жоюу  экенин Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын мүчөсү, министр Данил Ибраев белгиледи. Анын айтымында, транспорттук саясат боюнча кеңешке Кыргызстандын бере турган сунуштары арбын.

Белгилей кетсек, Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү болуп Армения, Беларусия, Казакстан Кыргызстан жана Орусия эсептелет. Биримдик улуттук экономикалардын ар тараптуу өнүгүүсү менен кызматташуусун  жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен  калктын жашоо деңгээлинин өнүгүүсүнө шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн. Ал эми Евразиялык экономикалык кеңештин бул жолку  жыйынында башкы маселе катары бирдиктүү транспорттук рынокту түзүү маселеси каралды. Бул негизги документ болжол менен жай айларында иштелип бүтүп, президенттерге сунушталуусу күтүлүүдө.

М. Абдраманова,  Биринчи радио