Жаңылыктар
Кайра иштетилген эт, сүт азыктарын экспорттоо кандай жүрүп жатат?
Айыл чарба
Кайра иштетилген эт, сүт азыктарын экспорттоо кандай жүрүп жатат?

Кыргызстанда эт, сүт азыктарын өндүрүү жогорулады. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги мунун себебин малдын саны көбөйүп жатканы менен байланыштырат. 

Көрсөткүчтү дагы жогорулатуу үчүн министрлик ишкерлерди сүт ишканаларын жана заманбап мал соючу жайларды курууга чакырат.

Жалпы өлкө боюнча буга чейин болгону 3 заманбап мал соючу ишкана иштеп келсе, быйыл алардын саны жетиге жетти. Жалал-Абад облусундагы жаңы курулган жай жаздан бери иштеп келе жатат.

Быйыл жыл соңуна чейин дагы 5 заманбап мал союучу жай курулуп бүтөт. Мындай жаңы ишканалар менен бардык аймактар камсыз болот. Эт азыктарын экспорттоодо аны кабыл алуучу тарапты Кыргызстанда талапка жооп берген мал союучу жайлар бар экенине ынандыруу керек. Эт менен сүттү өндүрүү жогорулап жаткандыктан, бул өзгөчө мааниге ээ.

Кайра иштетилген эт, сүт азыктары негизинен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолот. Ал эми араб мамлекеттери менен Иранга чийки эт жөнөтүлүүдө.