Жаңылыктар
Эгемендүүлүк күнүнөн тарта кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүк күнүнөн тарта кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

31-Август - Эгемендүүлүк күнүнөн тарта кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Тагыраагы, эс ала турган күндөр 31-августка жана 1-2-3-сентябрга туш келет. Бирок 1-сентябрь күнү бардык окуучулар билим күнүнө карата мектепте өтчү салтанаттуу линейкага барышат. 

Мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган. 2-сентябрь — жекшемби. 3-сентябрь — дүйшөмбү дем алыш күн болоору ушул жылдын жаз айларында эле белгиленген. Тактап айтканда 2-сентябрь күнү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын салтанаттуу ачылышы өтөт. Буга байланыштуу бул күн үчүн жарандар ушул жылдын 7-майында дем алыш күн деп белгиленгенине карабай иштеп беришкен.