Жаңылыктар
ДКО: Кырчын жайлоосунда даярдык иштери соңуна чыгып калды
Маданият
ДКО:  Кырчын жайлоосунда даярдык иштери соңуна чыгып калды

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлө турган Кырчын жайлоосунда даярдык иштери соңуна чыгып калды. Оюндарды өткөрүү учурунда ар бир кызмат өз милдеттерин так жана атайын бекитилген тартипте алып барышы керек. Эң негизкиси оюндар өтүп жаткан учурда ар бир кызмат коопсуздука көңүл буруп, ар бир боз үйдө, соода түйүндөрүндө, тамактануучу жайларда өрткө каршы жабдыктар коюлушу шарт экендиги белгиленди. 

Мындан сырткары электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо үзгултүкө учуратпоо тапшырмалары берилди. Маданий иш чаралар өтуп жаткан убакта көрүүчүлөрдүн саны белгиленген ченемден көп болушу мүмкүн. Мындан улам коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.