Жаңылыктар
Азия оюндары: курамабыздын капчыгында 16 медаль бар
Спорт
Азия оюндары: курамабыздын капчыгында 16 медаль бар

Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында дагы төрт медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, 26-августта жиу-житсучу Нурсултан Алымкулов 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып күмүш медаль тагынды. 

Андан сырткары, Муртазали Муртазалиев менен Абдурахманхаджи Муртазалиев колого жетти. Ал эми пенчак силат боюнча ата мекендик мушкер Данияр Токуров коло медаль тагынды. Учурда Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 16га жетти. Буга чейин кыргызстандык балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло медаль тагынса, жөө күлүк Дарья Маслова менен жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу чемпион болду.