Жаңылыктар
Ала-Арча резиденциясында эл аралык Алтаистика конферециясы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Арча резиденциясында эл аралык Алтаистика конферециясы өтүүдө

Ала-Арча резиденциясында 61чи жолку эл аралык Алтай таануу конферециясы өтүп жатат. Бул кадыр-барктуу чыгыш таануу илимий жыйынына Алтай тектүү элдердин тарыхын казып, изилдөө жүргүзүп келген тарыхчылар, археологдор, түрколог, тилчи, философ жана башка адистер катышып жатат. 

Кыргызстанда өткөн иш-чарага 17 өлкөдөн 185тен ашуун илимпоз келген. Бул жолку жыйындын темасы "Алтай тектүү дүйнөнүн элдик оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары" деп аталып, Алтай цивилизациясында орун алган каада-салт, улуттук оюндар талкууланат. 

Жыйын үч күнгө созулуп, андан сон отурумдун чет өлкөлөрдөн келген катышуучулары Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана "Кырчын" жайлоосундагы этнографиялык маданий иш-чарага сый конок катары катышат.