Жаңылыктар
Өкмөт чуулуу протоколду чагымчылардын аракетине байланыштырды
Саясат
Өкмөт чуулуу протоколду чагымчылардын аракетине байланыштырды

Үңкүр-Тоого байланыштуу айтылгандардын чын-төгүнү бышыктала элек. Өкмөт чуулуу протоколду чагымчылардын аракетине байланыштырды. Кечээ парламент жыйынында маселе жабык талкууланды. Ага чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитети Башкы прокуратурага документтин аныктыгын текшерүүнү тапшырган.

“Жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берген премьер-министр протокол атайылап бурмаланганын билдирди”- дейт эл өкүлү Максат Сабиров.

"Өкмөттүн протоколу" деп интернетте тараган документте “Өзбекстандын аймагында жайгашкан “Кербен-24” телерадио мунарасын башка жакка көчүрүү үчүн жер караштыруу” деген маалымат камтылган. Кербен шаардык кеңешинин депутаттары мунара орун алган Үңкүр-Тоо качантан бери Өзбекстанга таандык экенин тактап берүүнү сурашкан. Протокол даярдоодо ката кеткенби же аталган жер чындап коңшу өлкөгө караштуу болуп калдыбы деген маселе бар? Өкмөт документтин Өзбекстан менен чектешкен деген жери Өзбекстанга таандык деп бурмаланып калганын айтууда.

Шаардык кеңештин төрагасы Каныбек Бостонов кызыкдар күчтөр өз максатын ишке ашырып жатат деп шекшийт. Үңкүр-Тоонун айланасындагы башка маселелерди да чечүү талабы бар. Буга чейин маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде да талкууланып, Башкы прокуратурага Кербен шаардык кеңешине жиберилген документтин аныктыгын текшерүү тапшырылган. Укук таануу илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев бурмалоо болгондугу чындап аныкталса, ага тиешеси барлар кош жоопкерчиликке тартыларын эске салат. Жалган маалымат таратууга админстративдик, ал эми документ жасоого кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Бирок, Башкы прокуратура аталган маселе боюнча азырынча расмий маалымат ала электигин билдирүүдө. Үңкүр-Тоонун айланасында чыккан чуу өзбек тарап менен чек-арадагы чыңалуу пайда болгон учурду утурлап жаралган. Сөз болуп жаткан телерадио мунараны мындан 3 жыл мурда өзбек аскерлери капыстан ээлеп алышканы белгилүү. Бийликтин сүйлөшүүлөрү менен абал жөнгө салынган эле.  

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио