Жаңылыктар
Кызыл-Бейит айылында күндүн энергиясын колдонуп башташты
Аймак
Кызыл-Бейит айылында күндүн энергиясын колдонуп башташты

Жалал-Абад облусундагы электр энергиясы жок Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларына күндөн энергия топтоп, электр жарыгын алып берүүчү жабдуу орнотулуп, сыналгы жана муздаткычтар кошо берилди.

Кызыл-Бейит айылы Аксы районуна кирет. Аймактагы элдин жашоо шарты оор экени айтпаса деле көрүнүп турат. Айылга мына ушинтип Нарын дарыясынан кайык менен өтүп катташат. Эптештирип колго жасап алышкан кайыгы менен малын да жүктөп өтүшөт. Суу үстүндөгү каттам кээде катуу шамал болуп, дарыя бети толкундап турганда сааттап, айрым учурда суткалап үзгүлтүккө учурап калат. 

Айыл элин түйшүккө салган бир гана каттам эмес, кыштакка электр жарыгы жете элек. Жергиликтүү жашоочулардын көйгөйүн аз да болсо жеңилдетүү максатында, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган атайын долбоор ишке ашып жатат. 50 үй-бүлөгө күндөн энергия топтой турган жабдуу орнотулуп, адистер аны пайдалануунун ыкмаларын түшүндүрүп беришти. Мындан сырткары сыналгы жана муздаткычтар кошо берилди. 

Ар бир үй-бүлөгө тапшырылган каражат-жабдуулардын суммасы 100 миң сомдон ашып, акысыз берилди.

Электр жарыгы менен камсыз болгон айыл жашоочулары, эми кыйынчылык кыйла эле жеңилдеп, сыналгыдан дүйнөдөгү жана өлкөдөгү жаңылыктардан кабардар болуп турабыз дешет.

Кызыл-Бейит айылына 1980-жылдарга чейин жол болгон. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, кургак жол менен барчу каттам суу астында калган. Ал ортодо айылдын катаал шартын эске алып, 1985-жылы эле кызыл-бейиттиктерди көчүрүү маселеси каралган. Аларга Ноокен районунун Үч-Там айылынан чек бөлүнгөн. Бирок ал жактын шартына канаатанбаган айылдыктар жер которуп көчүүдөн баш тарткан.

Кызыл-бейиттиктердин тиричилиги малчылык менен өтөт. Айлананын баары тоо-таш болгондуктан жер айдоого шарт жок. Мындан сырткары айылда медпункт, мектеп жана бала бакча да жок. Кызыл-Бейит Аксы районунун борборунан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан.