Жаңылыктар
Жез-никелден жасалган коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыкты
Экономика
Жез-никелден жасалган коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыкты

Улуттук банк “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясынан “Улак тартыш” күмүш менен жез-никелден жана “Кыргыз каганатынын доору” сериясынын “Кыргыз боз үйү” жез-никелден жасалган коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды. 

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Айтымында “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Улак тартыш” коллекциялык монетасы улуттук спорттун түрүн жайылтуу жана даңазалоо максатында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата чыгарылды. Улакты эңип алып чаап бара жаткан чабандестин сүрөтү монетанын негизги сюжетин түзөт.

 Ал эми “Кыргыз боз үйү” коллекциялык монетасы кыргыз элинин кылым карыткан баа жеткис көркөм маданиятын даңазалоо максатында чыгарылууда.