Жаңылыктар
УБ эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды
Экономика
УБ эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды

Өлкөнүн Улуттук банкы эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов инфляциянын деңгээли төмөн бойдон калууда, улуттук валюта рыногундагы жана макроэкономикалык абал туруктуу бойдон сакталууда-деп билдирди.

Ал эми ички дүң өнүм быйылкы жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы менен 0,2 пайызды түзгөн. Айыл чарба, курулуш жана транспорт тармагында жандуу өсүш байкалган.