Жаңылыктар
Кыргыз төө буурчакка россиялыктардын арасында суроо-талап көп
Экономика
Кыргыз төө буурчакка россиялыктардын арасында суроо-талап көп

Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчакка россиялыктардын арасында суроо-талап көп. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Тамак-аш коопсуздугу жана агромаркетинг бөлүмүнүн башчысы Анара Беккулиева билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы Россияга экспорттолгон Кыргызстандын товарларынын көлөмү өскөн. Маалым болгондой, Орусияда Кыргызстандан барган жашылча менен жемиштер көп сатылат. 

"Өзгөчө төө буурчак жакшы өтүп жатат. Биздин дыйкандардын негизги көйгөйү бардык продукциялардын чийки түрдө экспорттолушунда болууда. Аз гана көлөмү кайра иштетилет. Дагы бир маселе - чыгарылган продукция коңшу мамлекеттердин стандартына дал келбейт", - деди адис.