Жаңылыктар
Жаш ойлоп табуучу сугат сууну сарамжалдуу пайдалануунун оңой жолун сунуштады
Айыл чарба
Жаш ойлоп табуучу сугат сууну сарамжалдуу пайдалануунун оңой жолун сунуштады

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жаш ойлоп табуучу сугат сууну сарамжалдуу пайдалануунун оңой жолун сунуштады. Ага ылайык, эми каналда шар аккан сууну жайлатып, анын бир бөлүгүн атайын жабдыктын жардамы менен эч оорчулугу жок бөлүп алса болот. 

Жаш ойлоп табуучу Тынчтык Мукановдун мындай сунушун "Кыргызпатент" мамлекеттик кызматы колдоого алып, жеринде ишке киргизди. Тынчтык акыркы 6 жылдан бери бул агрегатты ойлонуп, ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп келген. Белгилей кетсек, акыркы 3 жылдын ичинде "Кыргызпатент" тарабынан ата мекендик 11 инновациялык долбоорго 7 млн сомго жакын гранттык колдоо көрсөтүлдү. Бул долбоор республиканын бардык аймактары үчүн практикалык чоң мааниге ээ жана аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашырылууда.