Жаңылыктар
Кыргыз эл аралык аба майдандарында меймандарды тосуп алууга даярдык кандай?
Туризм
Кыргыз эл аралык аба майдандарында меймандарды тосуп алууга даярдык кандай?

Көчмөндөр оюндарына катышканы келген конокторду кабыл алууга “Манас” жана “Тамчы” аба майдандары даяр. Аэропорттордо конокторду тосуп алууга атайын ыктыярчылар бөлүнүп, спортчулар, маданият өкүлдөрү жана журналисттер тыным алып отуруучу атайын бөлмөлөр даярдалды. 


Аба майданда ыктыярчылар үчүн өзүнчө, коноктор үчүн өзүнчө атайын бөлмөлөр каралган. Аэропорттон чыкканга чейин меймандар эс алып, интернет жана башка ыңгайлуу шарттардан пайдалана алышат.

Оюндарга катышуучулардын келиши менен каттамдар канчага көбөйөөрү азырынча белгисиз. Бирок коноктор келгенде паспорт көзөмөл пунктунан өтүүдө көпкө күтүүлөр болбошу үчүн аэропорттун кызматкерлери чек арачылар менен чогуу иштешет. Ал эми жогорку даражалуу меймандар түз эле “Тамчы” аба майданына конушат.

Конокторду тосуп алуунун алдында аэропортто ремонт иштери жасалып, учуу, конуу убактылары, сыртка чыгуу, кирүү тууралуу маалыматтар кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылып, илинди. Ал эми аба майданда ички каттамдагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн төртүнчү зал ишке киргени турат. Бул өз кезегинде кезек күтүүлөрдү кыскартып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуулук жаратаарын аэропорттун кызматкерлери белгилешүүдө.