Жаңылыктар
Бишкекте Эл аралык туруктуу Алтаистика конференциясы өз ишин улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Эл аралык туруктуу Алтаистика конференциясы өз ишин улантууда

Монголиядагы Бугут эстелигинде жазылган байыркы түрк-согду жазууларынын чечмелениши - Кыргызстандын тарыхынын изилдене элек барактарына жарык берет. Бул тууралуу 61-Эл аралык туруктуу Алтаистика конференциясында айтылды. 

Ушул күндөрү Бишкекте дүйнөдө салмагы бар Алтай таануучулар, түрколог жана тарыхчылар өзүлөрүнүн илимий ачылыштарын тааныштырып жатат. 

61-Эл аралык туруктуу Алтаистика конференциясы Президентин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында өтүп жатат. Анда беш жумушчу топ секцияларга бөлүнүп алып бир нече багыт боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Дагы бир илимпоз Павел Рыкин 8-кылымдагы Чыгыш-Түрк каганатындагы колбашчы Тон-йокука жазууларын изилдеп, тарыхтан жаңы учурларды аныктай алган.

Дагы бир секция Алтай дүйнөсүндөгү улуттук оюндарга жана каада-салтка арналган. Ар бир оюндун терең мааниси бар дейт тарыхчы Бактыкан Төрөгелдиева. Оюндар жаш өсүп келе жаткан муундун туура калыптанып, эрктүү болууга, патриот, өз эли-жерин урматтоого тарбиялаган. Азыркы ааламдашуу доорунда дагы Көчмөндөр оюндарынын кыргыз элинин түпкү нарк-насилин сактап калууга салымы зор. Окумуштуу докладын Ордо оюнуна арнаган. Бул оюн кыргыз элин стратегиялык ой жүгүртүүсүнүн калыптанышына түрткү берген дейт Төрөгелдиева.