Жаңылыктар
Бишкектеги Ата Түрк эс алуу паркында өрт чыкты
Кырсык
Бишкектеги Ата Түрк эс алуу паркында өрт чыкты

Борбор калаадагы Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Ата Түрк эс алуу паркынын аймагындагы ачык аянтта чыккан өрттүн кесепетинен улам, 1,2 га аянттагы куураган чөп жана 15 бак күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей тилсиз жоо тууралуу маалымат кечээ саат 16:09да келип түшүп, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. 

Өрт кечки саат беште чектөөгө алынып, саат сегиздер чамасында толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында катталган. Учурда өрттүн эмнеден чыккандыгынын себептери такталууда.