Негизи эле улуттук баалуулуктар менен идеологияны жаштарга жеткирүүдө мугалимдердин ролу чоң. Бирок окуучуларга таалим-тарбия берген мугалимдер жетишсиз деп айтылып келсе, быйыл эмнегедир алардын санын кыскартылууда.
Акыркы учурда мугалимдерди даярдоо көзөмөлгө алынбай, каалагандардын баары мугалим болуп, алардын саны өсүп кеткенде, сапат да түшүп кеткен мисалдар көп. Билим берүү министри тастыктагандай, буга алыс барбай эле өзүбүздө болуп жаткан практиканы алсак болот. Дал ушундай абалдан улам, быйыл Кыргызстанда 3 миңдин тегерегиндеги мугалимдер кыскартылды.
Айта кетсек, быйылкы жаңы окуу жылына карата мектептерде өтүүчү салтанаттар 1-сентябрда ишембиге туш болот. Ал эми 3-сентябрь эс алуу күнү болуп бекитилгендиктен, окуу 4-сентябрдан башталат.