Жаңылыктар
Жайкы Азия оюндары: кыргызстандык спортчулар бир нече спорттун түрүнөн күч сынашат
Спорт
Жайкы Азия оюндары: кыргызстандык спортчулар бир нече спорттун түрүнөн күч сынашат

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын он экинчи күнүндө 36 медалдар топтому ойнотулуп, кыргызстандык спортчулар бир нече спорттун түрүнөн күч сынашат. Дзюдо боюнча Айжан Кадырбекова, Бектур Рысманбетов жана Владимир Золоев чыгышса, волейболчуларыбыз кезектеги оюнун Вьетнамга каршы өткөрмөкчү. 

Мындан тышкары жеңил атлетикадан финалдык бөлүктө 1500 метр аралыкка Мусулман Жоломанов жана Гүлшана Саттарова, 5 миң метрге Нурсултан Кеңешбеков жарышка түшүшөт. Кыргызстандын куржунунда азырынча 18 медаль бар: 2 алтын, 6 күмүш жана 10 коло байге.