Жаңылыктар
Бүгүн көк бөрү боюнча мелдештин финалы өтөт
Спорт
Бүгүн көк бөрү боюнча мелдештин финалы өтөт

Бүгүн көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалы өтөт. Кыл чайнашчу таймашта Ысык-Көл облусунун “Толкун” жана Таластын “Бакубат Талас” командалары күндүзгү саат үчтө күч сынашат. Ошондой эле “Сары-Өзөн - Рассвет” жана “Бакай-Ата” командалары дагы бүгүн 3-орун үчүн беттешет. 

Оюндардын жүрүшүн “КТРК спорт” каналы түз алып көрсөтөт. Президенттин кубогу үчүн мелдеш 24-августта башталган. Ага жалпысынан 12 команда катышты. Мелдештер Бишкектеги "Аккула" ат майданында өтүүдө.